Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 06.02.2016 14:21

Жайыл районунда 2015-жылы кургак учук оорусу боюнча 173 учур катталган

Turmush -  Жайыл районунда кургак учук оорусу көп катталууда.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, 2015-жылы Жайыл районунда кургак учук оорусу боюнча 173 учур катталган. Бул 2014-жылга карата 25 учурга көп болгон.

«Саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин баары кургак учур оорусун алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Бул ооруга каршы жаңы төрөлгөн ымыркайларга дагы вакциналар сайылууда», - деп билдиришти алар.

2015-жылы флюорографиядан 21 миң адам өткөн. Алардын ичинен 170 бейтап кургак учук оорусуна шектелип ооруканага жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×