Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусуМосква району 28.01.2016 18:06

«Элдик уламыштар»: Беловодск айылынын аталышынын келип чыгуу тарыхы (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылы ушул жылдын 1-май күнү негизделгендигинин 150 жылдык мааракесин белгилейт.

Мааракелик салтанатка Беловодск айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айылдык кеңеш жана жергиликтүү тургундар катышат.

85fc06b1a47793ef78d701402854bd0a

Беловодск — Чүй облусундагы эң чоң айыл аймактардын бири.

Ал 1868-жылы негизделип, ал жылы айылда болгону 12 үй-бүлө жашаган.

Ал кездерде айылдын барын бийик өскөн камыш басып жаткан. Жашоочулар айылды кандай атайбыз деп көпкө талашып, тартышып Ак-Суу дарыясынын атынан Ак-Суу деп атоону чечишкен.

Ал орус тилине «Белая вода» деп которулгандыктан тургундар Беловодск деп атоону туура көрүшкөн. Анткени бул айылда ал кезде негизинен орустар жашашчу.

b529afaadf2728e38fc5239062611bb0_500_0_0

Айылдын борборунда чоң соода базары орун алган.

Бүгүнкү күндө андагы калктын саны 20 миңге жетип, 20 улуттун өкүлдөрүн жолуктурууга болот.

Анын ичинен 41%ын кыргыздар түзсө, 41%ын орустар, 18%ын башка улуттун өкүлдөрү түзөт.

1147d0f3d4bbe7d21c583069b994a829





Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×