Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 27.01.2016 08:31

Жайыл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Г.Жумалиева ээлеген кызматынан бошотулду

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Гүлмира Жумалиева ээлеген кызматынан бошотулду.

Аталган ооруканадан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдалгандай, 25-январда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү келип, Г.Жумалиеваны кызматтан бошотуу туурасындагы буйрукту окуду.

Борбордун дарыгерлеринин айтымында, башкы дарыгерди иштен алуунун себептери айтылган эмес жана жаңы жетекчи азырынча дайындала элек.

Алар кошумчалагандай, акыркы күндөрдө ооруканада бат-баттан текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткан.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинен комиссия келип текшерип жатты. Биздин билишибизче министрликке жергиликтүү жашоочулардан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ишмердүүлүгүнө жана жетекчисине карата арыз түшкөн. Арызга кара-балталык 12 тургун кол койгон. Биз бул 12 адамды иликтеп көргөнүбүздө алардын ичинен үчөө гана арызда көрсөтүлгөн даректе жашагандыгы белгилүү болду», - дешти дарыгерлер.

Гүлмира Жумалиева медицина тармагында 32 жылдык тажрыйбага ээ болсо, анын 15 жылын жетекчилик кызматта иштеген. Ал эми Жайыл райондук бириктирилген ооруканасында 3 жыл жетекчи болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×