Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 27.01.2016 08:19

Акыркы 25 күндө Жайыл райондук ооруканасына сасык тумоо менен 407 бейтап кайрылды

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда акыркы 25 күндүн ичинде сасык тумоого кабылган жарандардын саны 407ни түздү. Бул тууралуу Жайыл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Кудайберди Кулбаев билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, өткөн жылы район боюнча бул илдетке кабылгандардын саны 6063 адамга жетсе, бул жылдын башынан бери аталган илдет күч алып, ооруканага кабылгандардын саны көбөйүүдө.

Дарыгер белгилегендей, бул оору менен өзгөчө 1-2 жашка чейинки наристелер көп жабыркайт.

Мындан улам, сасык тумоо менен ооруп жаткан адамдан алыс болуу, бет кап кийүү, колду бат-баттан самындап жууп туруу, убагында тамактануу жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×