Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуМосква району 21.01.2016 11:21

Москва райондук аймактык ооруканасына 15 күн ичинде 109 тургун сасык тумоо илдети менен жаткырылды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда өткөн, 2015-жылдын аралыгында сасык тумоо менен ооруган 1615 адам катталды, деп маалымдалды райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Берилген маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтүн ичинен 754ү аялдар, 577си 18 жашка чейинки балдар болсо, 1 жашка чейинки 81 бала кабыл алынган.

Ал эми жыл башынан бери сасык тумоо илдетинен жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 109га жетти.

«Жыл сайын күз, кыш мезгилдеринде сасык тумоо күч алат. Өзгөчө декабрь айында эл арасында бул илдетке кабылгандардын саны кескин көбөйөт. Учурда жума сайын 125-130 адамдын бул оору менен ооруганы аныкталууда. Сасык тумоого кабылбоо үчүн спорт менен машыгуу, туура тамактануу, бул оору менен ооругандардан алыс болуу, атайын бет каптарды кийүү, колду самындап бат-баттан жууп туруу, сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Биздин районго Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан сасык тумоого каршы 250 доза вакцина берилген. Бул вакцина Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине берилди. Калктын калган катмары эмдөөдөн өз каражаты менен өтсө болот», - деди аталган борбордун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×