Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 19.01.2016 13:56

Жайыл районунун прокурору болуп Абай Молдокматов дайындалды (фото)

Turmush -  Абай Молдокматов Жайыл районунун прокурору болуп дайындалды. Ал прокуратура органында 15 жылдан бери эмгектенип келет.

А.Молдокматов эмгек жолун 2001-жылы Чүйдөгү Токмок шаардык жана Аламүдүн, Сокулук, Москва райондук бөлүмдөрүндө баштаган.

Андан кийин Чүй облустук прокуратурасына которулуп, улук тергөөчү, маанилүү иштер боюнча тергөөчү болгон жана Чүй, Москва райондук прокуратуранын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын башкы прокурорлугуна 2011-жылы дайындалып, 2016-жылдын январына чейин эмгектенди.

Жайыл районунун мурунку прокурору Эльдияр Алымов 2015-жылдын ноябрь айында бошотулган.

20160119_114917

20160119_114910

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×