Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 16.12.2015 17:54

Жайылдык 5 спортчу эркин күрөш боюнча Бишкекте өткөн мелдештен байгелүү орундарга жетишти

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун 5 спортчусу 10-12-декабрда Бишкек шаарында эркин күрөш боюнча өткөн мелдеште байгелүү орундарга жетишти. Мындай маалыматты Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунда 11 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөн эркин күрөш боюнча мелдешке жалпысынан 320 спортчу катышкан.

Жайыл районунан Сабыр Кудайназаровдун машыктыруусунда Нурсултан Жунушбек уулу 27 кг салмактагылар арасында 1-орунду алса, ошол эле машыктыруучунун даярдыгы менен 30 кг салмактагылар арасынан Абдыкерим Аманбеков 2-орунду ээледи. Ошондой эле Руслан Атакеев машыктырган Сыргак Жапаркулов 42 кг салмактагылар арасында 2-орунду, Эрбол Советжан уулу 3-орунду багындырган.

Жеңүүчүлөр атайын диплом жана кубоктор менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×