Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Чүй облусу, Токмок 10.12.2015 14:16

Токмокто коомдук ишмер А.Сыдыгалиевдин элесине арналган бокс боюнча турнир өттү

Turmush -  Ушул жылдын 3-6-декабрында Чүй облусунун Токмок шаарында коомдук ишмер Ашырбек Сыдыгалиевдин жаркын элесине арналган бокс мелдеши өттү. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, мелдешке 12 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр катышты.

«Манас» спорттук комплексинин машыктыруучусу Руслан Байсариевдин машыктыруусунда Темирлан Илиязов 40 кг салмактагылар арасында күмүш медалга ээ болсо, «Булгары кол кап» клубунун мушкери Айдар Бердибаев Павел Кутуковдун машыктыруусу менен 54 кг салмактар арасында күмүш медалды жеңип алды.

Мушкерлер алдыда Ош шаарында бокс боюнча өтө турган Кыргызстандын биринчилигине катышууга даярданууда. Биринчиликти Чүй облусунан 5 спортчу талашат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×