Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 08.12.2015 12:06

Бишкекте эркин күрөш боюнча өткөн мелдеште суусамырлык спорчу күмүш медалга ээ болду

Turmush -  Ушул жылдын 4-6-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы «Досуг» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда 1999-2003-жылы туулган кадеттер арасында эркин күрөш боюнча мелдеш өттү. Мелдешке Кыргызстандан бардыгы болуп 500 спортчу катышты, деп билдирди Жайыл районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Маалыматта айтылгандай, аталган мелдешке Жайыл районунан 40 өспүрүм катышып, алардын ичинен 1 спортчу гана финалга чыккан.

«50 кг салмактагылар арасында күрөшкөн Стамбул Жаныбек уулу финалга чыкты. Ал Суусамыр өрөөнүндөгү орто мектептин окуучусу, машыктыруучусу Жалил Абдыразаков. Стамбул 2-орунга татыктуу болуп, эстеликке байгелик белек жана күмүш медаль алды», - деди Н.Сүймөналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×