Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.12.2015 09:05

Кара-балталык өспүрүмдөр каратэ-до боюнча Борбор Азия чемпиондугунун алтын жана күмүш байгелерин алып келди (фото)

Turmush -  Ташкент шаарында каратэ-до боюнча өткөрүлгөн Борбор Азия чемпиондугунда кара-балталык өспүрүмдөр 3 алтын жана 3 күмүш байгени камсыз кылышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган мелдешке Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн 300дөн ашык спортчулар катышты.

Ал эми Кыргызстан курама командасын жалпы 27 спортчу түзүп, алардын катарын Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын спорчулары түзгөн.

Кара-Балта шаарынын атын «Самурай» спорттук клубундагы 7 спортчу алып чыгып, анын ичинен 6сы финалда беттешти. Алардын машыктыруучусу Павел Бондаренко.

Жыйынтыгында Үмүт Айсаева, Ольга Мальцева жана Рафаель Акбаров алтын меделга ээ болсо, Айжан Дутбаева, Валентин Ким жана Екатерина Хам күмүш медалдарды багындырышкан.

Кара балта

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×