Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.12.2015 15:55

Кара-балталык спорчулар Алматыда өткөн мелдештен 4 алтын медалга ээ болду

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Самурай» клубунун каратисттери Алматы шаарында каратэ-до боюнча өткөн мелдешке катышты.

Мелдеш Казакстандын биринчи президентинин шайланган күнүнө арналып өткөрүлдү. Ага Кыргызстан, Казакстан Республикаларынан 320 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында кара-балталык спортчулар 4 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалды жеңип алды.

Умида Айсаева эки жолку чемпион болсо, Айжан Дубаева жана Ольга Мальцева чемпион болушту.

Ал эми Рафаэль Акбаров күмүш 2 медалга, Валентин Ким  күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле Екатерина Хам жана Валентин Ким коло медалдарды утуп алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×