Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 05.12.2015 11:26

Жайылдык окуучу кыз дзюдо боюнча КРнын чемпионатында 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында 28-29-ноябрь күндөрү дзюдо боюнча өткөн КРнын чемпионатында Чүй облусунун Жайыл районунан катышкан спортчу 1-орунга татыды.

Жайыл районундагы балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору Нуржан Сүймөналиевдин билдирүүсүндө, жеңишке жеткен 17 жаштагы спортчу Кристина Нежникова балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучусу, Ново-Николаевка айылындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу.

«Ал 78 кг салмактан жогоркулар арасында 1-орунду ээледи жана КРнын спорт чебери нормативин аткарды. Бул кыздын машыктыруучусу Козубай Шеркозуев» - деди Н.Сүймөналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×