Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.12.2015 11:07

Кара-балталык окуучу кыз 78 кг салмактар арасында кудо боюнча Кыргызстандын чемпиону болду (фото)

Turmush -  

IMG-20151202-WA0000

Чүй облусунун Кант шаарында кудо боюнча Кыргызстан чемпионаты 28-29-ноябрь күндөрү өткөрүлдү. Мындай маалыматты Жайыл районундагы балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору Нуржан Сүймөналиев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул мелдешке Жайыл районунан 1 спортчу — 11-класстын окуучусу Нуржан Рахматилла кызы катышты.

Нуржан 78 кг салмактан жогоркулар арасында кудо боюнча 1-орунду ээлеп, диплом жана медалга татыды.

Жалпысынан бул мелдешке катышкандардын саны 300гө жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×