Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 04.12.2015 19:50

ИИМ тарабынан толугу менен алмаштырылган Панфилов РИИБдин жетекчилери

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрда ички иштер министринин орун басары Н.Касымбаев жана Чүй ОИИБдин жетекчилиги Панфилов РИИБдин жеке курамы менен жолугушту.

Панфилов РИИБдин кызматкерлери РИИБге жаңы жетекчи дайындала турганы маалымдалгандан кийин ага каршылык көрсөтүү белгисинде кызматтык күбөлүктөрүн тапшырууну чечкени маалымдалган.

Бирок, РИИБдин кызматкерлери каршылык билдирип чыккандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

«РИИБдин жеке курамы жетекчисинин орун басарына кысым көрсөткөн эмес. ИИМ менен ОИИБдин жетекчилигине кайрылган РИИБдин кызматкерлери бул маселе боюна объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүүнү суранды. Андан тышкары алар РИИБдин жетекчисинин орун басарынын саясаты менен макул эместигин билдиришти.

РИИБдин кызматкерлери Д.Амановдун жетекчи болуп дайындалышына каршы эмес», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Маалыматка ылайык, Панфилов РИИБдин жаңы жетекчиси болуп Ленин РИИБдин №3 аймактык милиция бөлүмүнүн мурунку жетекчиси, милициянын капитаны Денис Аманов дайындалды.

Панфилов РИИБдин мурунку жетекчиси Умар Жунусовдун кызматтан кетишине 27-ноябрда кайыңдылыктар менен Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын ортосунда чыккан чыр-чатак себеп болгондугу айтылууда.

Жаңы жетекчилер:

 - Жетекчинин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп Адылбек Жумашев дайындалды, ал эми буга чейин бул кызматта иштеген Айбек Акматов Чүй ОИИБге которулду.

- Жетекчинин кадр иштери боюнча орун басары Руслан Артышев рапорттун негизинде иштен кетип, бул кызматка Мирлан Казымбеков дайындалды.

- Жетекчинин коомдук коомсуздукту көзөмөлдөө боюнча орун басары Тынайбек Сартбаев рапорттун негизиндеги буйрук менен кетип, анын ордуна Мирбек Токтоналиев бекитилди.

Учурда ИИМдин өздүк коопсуздук башкы башкармалыгы РИИБде кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×