Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 30.11.2015 10:59

Жайыл районунда кант диабети менен ооруган жарандардын саны көбөйүүдө

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда кант диабети менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Жайыл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгер-эндокринологу Гүлбара Кулбаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Дарыгердин айтымында, өткөн, 2014-жылдын 10 ай аралыгында район боюнча кант диабети менен 587 бейтап катталган болсо, бул жылы 10 ай ичинде 688 жаран кант диабети менен катталды.

Белгилей кетсек Г.Кулбаева аталган борбордо акыркы 2 жылдан бери гана иштеп келет. Бул убакытка чейин анда дарыгер-эндокринолог болгон эмес.

«Бүгүнкү күндө кант диабети борбору интерактивдик картаны колдонуу менен иш жүргүзүүдө. Интерактивдик картанын максаты — кант диабети менен ооруган бейтаптардын абалын талкуулоо үчүн аларды сүйлөшүүгө тартуу. Картаны колдонууну үйрөнүү менен бейтап өзүндөгү кант диабетин көзөмөлдөп тура алат», - деди Г.Кулбаева.

Ал белгилегендей, аталган илдетке кабылгандардын санын азайтуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Дарыгерлер бул илдет боюнча маалыматтар жазылган брошюраларды таратып, гезиттерге макалаларды жарыялоодо. Санитардык бюллетендер райондун бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коюлган.

Кант диабетинин келип чыгуусунун негизги себептери болуп — тукум куучулук, ашыкча семирүү, вирустук инфекция эсептелинет.

Врач-эндокринологдун айтымында, инфекция — кант диабетин жайылтуучу күчтүү курал. Мындан тышкары нервдин жабыркоосу (стресс) да кант диабетине алып келиши мүмкүн. Жаш өткөн сайын бул илдетке кабылуу коркунучу жогорулайт.

«Өткөн жылы бул оорудан 13 адам каза болсо, бул жылы 4 жаран көз жумду. Кант диабети илдетинен каза болгондордун санынын азаюусу — өз убагында илдетти аныктап, ага ылайыктуу чара көрүлгөндүгү менен байланыштуу», - деп кошумчалады Г.Кулбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×