Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 27.11.2015 08:51

Экинчи жолку шайлоо менен Жайылдагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Үмөталиев шайланды

Turmush -  Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Буга чейин 13-октябрда өткөн шайлоодо айыл өкмөт башчысы тандалган эмес.

19-ноябрдагы шайлоодо айыл өкмөт башчылыгына 4 талапкер: Акылбек Такибаев, Канатбек Үмөталиев, Темирбек Өмүрканов жана Талантбек Бектурганов чыкты. Шайлоого катышкан 21 депутаттын ичинен 19 депутат Канатбек Үмөталиевдин талапкерлиги үчүн добуш берди.

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Нурил Алымбаев Жайыл районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×