Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуМосква району 26.11.2015 12:57

Москва районунун Беловодск айылындагы мектепте окуучулардын саламат жашоо образы боюнча мониторинг жүргүзүлдү (фото)

Turmush -  Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билим берүү системасында ден соолукту чыңдоо аракеттеринин жүргүзүлүшүнө карата мониторинг өткөрдү. 

Мониторинг КРнын «Репродуктивдик саламаттык жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу иш-чарасынын алкагында Чүй облусуна караштуу Беловодск айылындагы Степаненко атындагы №2 орто мектебинде өттү. Мындай маалыматты аталган мектептин жамааты билдирди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы. 

Мектептин жогорку класстарынын окуучулары менен саламат жашоо образы жөнүндөгү темаларда пикир алышуулар болду.

ВИЧ, СПИД оорулары боюнча жүргүзүлгөн тестирлөөнүн натыйжасында окуучулардын бул илдеттер жөнүндөгү билиминин деңгээли 95%ды түздү.

«Либресс» ишканасы «Биздин кыздар ортосунда» долбоору дарыгер-гинекологдор менен биргеликте окутуу программасын өткөрүп, катышуучуларга белектерди тапшырышты.

Мектеп жамааты иш-чараны өткөрүүдө уюштуруу иштерине көмөк көрсөттү.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×