Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуСокулук району 25.11.2015 12:20

Сокулуктун тургуну 26 жаштагы чала тааныш кызды сабап кетти

Turmush -  Сокулук районунун тургуну чала тааныш жердеш кызын сабагандыгы үчүн кармалды. Бүгүн, 25-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сокулук райондук милиция кызматкерлерине Фрунзе айылынын 26 жаштагы тургуну Ш.О. арыз менен кайрылган. Ал арызында 14-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында чала тааныш адам себепсиз ур-соккуга алгандыгын кабарлаган.

Окуядан соң Ш.О. ооруканага кайрылган. Аталган факты боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Л.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалды.

Кармалган адам убактылуу камакка алуучу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×