Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 13.11.2015 11:20

Кара-Балтадагы жаштар арасында улуттук оюндар боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кара-Балта шаарында Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 10-ноябрь күнү улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеш райондук жаштар бөлүмү тарабынан уюштурулду, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш Кара-Балта шаардык балдар спорттук дене тарбия мектебинде тогуз коргоол, ордо, жаа атуу жана найза ыргытуу түрлөрү боюнча өткөрүлдү.

Жыйынтыгында тогуз коргоол боюнча балдар арасындагы мелдештин жыйынтыгында 1-орунга Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну Адилет уулу Арлен ээ болсо, 2-орунга Азизкан уулу Бакберген, 3-орунга Айдин Медетбеков жазылды. Ал эми кыздар арасындагы тогуз коргоол оюнунда 1-орунга Нурайым Усубалиева, 2-орунга Гүлниза Айылчиева ээ болду.

Найза ыргытуу боюнча командалык оюнда 1-орун №1 орто мектептин жогорку класстарынан түзүлгөн «Эрлан» командасынын пайдасына жазылса, 2-орун дагы ушул эле мектептин «Темирлан» командасына берилип, 3-орунга Кызыл-Дыйкан мектебинин «Автандил» командасы ээ болду.

Ошондой эле жаа атуу боюнча №1 орто мектептин окуучулары баш байгелерди эч кимге алдырган эмес. Белгилей кетсек, 1-орунга Нурмат Абдыбачанов, 2-орунга Арген Оңолбеков жана 3-орунга Нурбек Мамбетов ээ болгон.

Найза ыргытуунун жыйынтыгында 1-орунду Эрмек Куназбеков камсыз кылса, 2-орунга Эрлан Иманкулов жана 3-орунга Нурислан Макенов ээ болду.

Жеңүүчүлөргө диплом жана 1-орунга ээ болгондор 2 миң сом, 2-орундун ээлери 1 миң сом жана 3-орунга ээ болгондор 500 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×