Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.11.2015 16:30

Жайылда шахмат сүйүчүүлөр арасындагы турнир жыйынтыкталды

Turmush -  Жайыл районунда шахмат оюнун сүйүчүүлөр арасында турнир өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, Жайыл райондук балдар спорттук мектебинде 6-ноябрда шахмат боюнча район алдыңкыларын аныктоо максатында мелдеш өттү.

Турнирди атайын мектептердеги эс алуу учурунда өткөрүү пландалып, ага мектеп окуучулары жана бардык каалоочулар болуп 20 шахмат сүйүүчүсү катышты. Жыйынтыгында 1-орунга Жайыл айылынан Эрнис Жапаркулов, 2-орунга №2 мектептин окуучусу Акылбек уулу Иман, ал эми 3-орунга Петропавловка айылынан Талант Акунов ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×