Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.11.2015 15:53

Жайыл райондук балдар спорт мектебинин күрөш залына 500 миң сомдук килемдер берилди

Turmush -  Жайыл райондук балдар спорт мектебинин күрөш залына жаңы килемдер берилди. Аталган окуу жайдын директору Нуржан Сүймөналиев билдиргендей, балдар спорттук мектебине Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан 500 миң сом өлчөмдөгү каражатка эркин күрөш боюнча спорттук жабдуулардын топтому тапшырылды.

«Аталган спорттук жабдуулар Кара-Балта шаарындагы №12 мектептин жер төлөөсүндө жайгашкан жаңы күрөш залына берилди. Ал залда 2 машыктыруучу иштеп, 50-60 бала күрөш менен машыгат. Акыркы жолу биз мындай жаңы жабдыктарды 5 жыл мурун алганбыз», - деп билдирди Н.Сүймөналиев.

Килемдер залга 10-ноябрда жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×