Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЖайыл району 06.11.2015 13:57

Жайылда быйыл кургак учук оорусу 9 учурга көп катталды

Turmush -  Жайыл районунда ушул жылдын башынан бери кургак учук оорусунун 9 учурга көбөйгөндүгү байкалган. Райондогу медицина кызматкерлеринин айтымында, 2014-жылдын 9 айында кургак учуктун 122 учуру катталса, ушул жылдын 9 айында 131 учур катталган. Бул оорунун алдын алуу үчүн медициналык кызматкерлер тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жаңы төрөлгөн балдарга атайын кургак учук оорусуна каршы эмдөөлөр жасалып, ушул жылдын 9 айында 97,5%ына эмдөө жүргүзүлгөн.

Акыркы 9 айда флюорографиядан 16 миң 105 адам өтүп, жылдык пландын 73,5%ы аткарылган. Натыйжада 428 адам нормага туура келбей, алардын ичинен 143 бейтап кургак учук оорусуна шектелген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×