Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.11.2015 09:32

Кара-Балтада түштүк аймактардан «Алдиер» менен «Кара-Балта» командалары биринчи лигада күч сынашып, теңме-тең чыгышты

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комлексинде кечээ, 4-ноябрда футбол боюнча өткөрүлгөн мелдеш теңме-тең аяктады. Бул тууралуу «Кара-Балта» муниципалдык клубунун расмий баракчасында маалымдалды.

Маалым болгондой, түндүк аймактардан «Кара-Балта» командасы менен түштүк аймактардан «Алдиер» командасы биринчи лига үчүн оюн талаасына чыгып, жыйынтыгында 2 команда тең 0:0 эсебинде тең болуп чыккан.

Кийинки матч кайрадан эле «Кара-Балта» жана «Алдиер» командалары арасында болуп, ал 8-ноябрда Куршаб айылында өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кара-Балта муниципалдык футбол клубу 2-жылы катары менен түндүк аймактар арасындагы лигалык оюнда жеңүүчү аталды.

Ал эми 25-октябрда Кант шаарынын «Абдыш-Ата» командасы менен болгон оюнда кара-балталык футболчулар жеңишке жетип, эсеп 2:1 эсебинде аяктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×