Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЖайыл району 28.10.2015 13:41

Жайыл районунун тургундары насыялык каражаттарды аз ала баштады

Turmush -  Жайыл районунун тургундары насыялык каражаттарды аз ала баштагандыгы байкалууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, жыл башынан бери 9 айга карата райондогу насыя берүү мекемелеринен 4 миң 813 жаранга жалпы 825,9 млн сом насыя берилген. Ал эми өткөн жылы көрсөтүлгөн убакытта райондун тургундары жалпысынан 1 миң 96,8 млн сом насыя алышкан.

Насыя алуунун көлөмүнүн азайгандыгы банктардын биринин насыя берүүнү токтотуп койгондугу менен түшүндүрүлүүдө.

Насыялар 6 айдан 10 жылга чейин 9% жана 67% жылдык үстөктөр менен берилип, жалпы насыялык сумманын 41,4%ы айыл-чарбаны өстүрүүгө, 40,9% ишкерликти өнүктүрүүгө, 14,9% кардарлардын талабы боюнча жана 2,8% ар кандай муктаждыктар үчүн алынган.

Айыл-чарба өндүрүүчүлөрү үчүн «Айыл-чарбасын каржылоо-3» аттуу субсидиялык насыялар бөлүнүп, мал чарбачылыкты жана дыйканчылыкты өнүктүрүүгө 10%дык насыялар каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×