Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 21.10.2015 10:31

Жайылдык окуучу кыз Республикалык спартакиаданын чоңдор арасындагы мелдешинде байгелүү орунду ээледи

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы мектептин 11-классынын окуучусу Республикалык 7-спартакиаданын жүрүшүндө дзюдо боюнча чоңдор арасындагы мелдеште байгелүү орунду ээледи.

7-октябрдан 14-октябрга чейин Жалал-Абадда өткөн Республикалык 7-спартакиадага Козубай Шеркозуевдин жетекчилигинде катышкан Чүй облусунун командасынын курамына жайылдык 4 дзюдочу кирген.

Алардын ичинен Кара-Балтадагы №1 орто мектептин 11-классынын окуучусу Рахматилла кызы Нуржан жогорку көрсөткүчкө жетишти. Жайыл районундагы өспүрүмдөрдүн спорт мектебининин директору Нуржан Сүймөналиев аймактык кабарчыга билдиргендей, Нуржан 78 кг салмактагылар арасында 3-орунга жазылды. Аны менен спорт чебери аталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×