Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 17.10.2015 12:14

БШК Жайылдагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн кайрадан белгилейт

Turmush -  БШК Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн кайрадан белгилейт. БШКнын атайын өкүлү Гүлмира Көпөсбаева аймактык кабарчыга билдиргендей, жергиликтүү кеңештин депутаттары буга чейинки шайлоого катышкан 4 талапкердин ичинен айыл өкмөт башчысын шайлаган эмес.

Маалыматка ылайык, 13-октябрдагы шайлоодо талапкер болгондор кийинки шайлоого катыша албайт.

«Жаңы талапкерлер каттоого алынат. Эгерде экинчи шайлоо менен талапкерлердин бири депутаттардын 50%нын добушун албаса, анда айылдык кеңеш таратылат», - деди Г.Көпөсбаева.

Буга чейин Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүндө ушундай көрүнүш болуп, эки жолку шайлоодо айыл өкмөт башчыны шайлай албаган жергиликтүү кеңеш таратылган. Андан соң жергиликтүү кеңештин жаңы депутаттары шайланып, алар айыл өкмөттүн жаңы башчысын шайлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×