Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 09.10.2015 17:14

«Түндүк электрде» жаңы жогорку вольттогу «Чолпон» көмөкчордонунун курулушу аяктоодо

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Чолпон айылында жаңы жогорку вольттогу 35/10 кВ чыңалуусундагы «Чолпон» көмөкчордонунун курулушу соңуна жакындоодо, деп билдирди бүгүн, 9-октябрда «Түндүк электр» ААКтын басма сөз кызматы.

Маалыматка таянсак, курулуш-монтаждоо иштери 2015-жылдын сентябрь айынан тарта кызуу жүрүүдө: алдын ала куруу аянтчасы дайындалды, андан соң инженерлер 4000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы күч трансформатор орнотуп, 10 кВ комплектүү бөлүштүрүү түзмөгүнөн 11 чөнөгүн монтаждап чыкты. Эми катарда 35 кВ ачык бөлүштүрүү түзмөгүн монтаждоо иши турат.

Жалпысынан курулуш-монтаждоо иштерине «Түндүк электрде»ААКтын өз эсебинен 3 млн сомго жакын каражат каралган.

«Чолпон» көмөкчордонунун ишке кириши «Ивановка» көмөкчордонунан тартылган 10 кВ электр чубалгыларынын кыскарышына, чубалгыны оперативдүү тейлөөгө жана Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кен-Булун, Чолпон, Достук айылдарынын, Гидрокуруучулар кыштагынын ишенимдүү электр камсыздоосуна алып келет. Учурда «Ивановка» көмөкчордонунан тартылган эн узун фидердин узундугу 23 км түзөт.

Эске салсак, 2015-жылдын сентябрь айынын соңунда«Түндүк электр» Талас облусунун Бакайыр айылына жогорку вольттогу 35 кВ «Бакаир» жаңы көмөкчордонун ишке киргизди, бул Кара-Буура районунун Жийде, Көк-Дөбө, Молдо-Асан, Чымкент айылдарынын электр камсыздоосун жакшыртты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×