Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 09.10.2015 09:32

Кара-балталык спортчулар Бишкекте өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык таймаштын байгелүү орундарын ээледи

Turmush -  Кара-Балта шаарынын спортчулары Бишкек шаарында өткөрүлгөн жеңил атлетика боюнча эл аралык таймашка ийгиликтүү катышып келди.

Аталган таймаш «Спартак» стадионунда өтүп, ага Казакстандын, Өзбекстандын, Россиянын жана Кыргызстандын спортчулары катышты. Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук мекемесинин жаш спортчулары да бул таймашка активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болгонун аймактык кабарчыга билдиришти.

Кара-балталык жеңил атлетчилердин бири 2-орунга, 5 спортчу 3-орунга жазылган.

Маша Тимошенко тоскоолдуктары менен болгон 60 метр аралыкты 15,8 секундада чуркап өтүп 2-орунду камсыз кылса, Андрей Поцелуевдин ядра ыргытуусу 10,42 метр аралыкка жетип 3-орунга чыккан. Ошондой эле 400 метр аралыктагы эстафеталык чуркоо жарышында Катя Комарова, Альбина Шабданалиева, Маша Тимошенко жана Марина Игнатен 3-орунду ээлеп келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×