Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.10.2015 11:01

Машыктыруучунун короосунда машыккан кара-балталык 14 жаштагы Д.Петренко паркур боюнча республикалык мелдеште 2-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын тургуну, 8-класстын окуучусу Денис Петренко паркур боюнча Бишкекте өткөн мелдеште 2-орунду камсыздады. Мындай маалыматты ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында паркур менен алектенген жаштар арасында мелдеш өтүп, ага жалпысынан ар кандай курактагы 50 бала катышты. Мелдеш 3 багытта: паркур, акрострит жана фриран боюнча өттү.

Аталган мелдешке Кара-Балта шаарынан 5 бала катышып, анын бири байгелүү орунга жетти.

Жеңишке жетишкен Д.Петренко Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектебинин 8-класссынын окуучусу.

Ал спорттун фриран түрү менен акыркы 2 жылдан бери күн сайын машыгып келген.

«Мен бир канча оор көнүгүүлөрдү аткардым, ошондуктан мени 2-орунга татыктуу деп табышты. Эл алдына биринчи жолу чыгып жаткандыктан өнөрүмдү тартуулоо алдында өтө толкундандым. Жеңиш үчүн сүйүнүп жатам, эми машыгууларга мындан да көбүрөк убакыт бөлөм. Паркур үчүн бизде атайын база жок болгондуктан паркурдун сүйүүчүсү, машыктыруучу Алексей Шиловдун үйүнүн короосунда машыгабыз. Машыгуу 3-4 саатка созулуп, күн сайын өткөрүлөт», - деди Д.Петренко.

Сүрөттө: Д.Петренко

DSC00798

Д.Петренко машыктыруучусу Алексей Шилов менен

DSC00797

Д.Петренко паркур менен машыккан достору менен

DSC00796

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×