Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Кара-Балта 21.09.2015 13:05

Кара-Балта шаарынын бюджеттик кирешеси акыркы 4 жыл ичинде 43 млн сомго өстү

Turmush -  Кара-Балта шаарынын бюджеттик кирешеси акыркы 4 жыл ичинде 43 млн сомго өстү. Шаардык мэриянын каржы жана экономика бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2011-жылдан азыркы учурга чейин шаардык бюджеттик кирешенин өсүүсү байкалып, 2011-жылы киреше бөлүгү 112 миң 623,4 миң сомду көрсөтсө, 2015-жылдын 8 айында 156 миң 355,1 миң сом, же 138,8%ды түзүп, 43 миң 731,7 миң сомго көбөйгөн.

2011-жылдан 2012-жылга өсүү темпи 121,6%ды түзүп, 242 миң 78,2 миң сом болгон. 2012-жылдан 2013-жылга өсүү темпи 136,1%,га, же 494 миң 55,4 миң сомго жеткен.

2013-жылдан 2014-жылга болгон өсүү темпи 126,%ды түзүп, 48 миң 367,5 сомго жеткен.

Ал эми 2015-жылдын 8 айында шаардык бюджетке 156 миң 355,1 миң сом түшсө, былтыркы 2014-жылы көрсөтүлгөн убакытта 16 миң 389 миң сом болуп, ортодогу өсүү темпи 111,7%га жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×