Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 16.09.2015 15:49

Жайыл районунун Малтабар айылында өткөн бирмандык бокс боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Жайыл районундагы Малтабар жайлоосунда бирмандык бокс боюнча матчтык мелдеш өттү. Мындай маалыматты КРнын бирмандык бокс боюнча федерациясынын президенти Каныбек Бекбоев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, матчтык беттеште малтабарлык 14 өспүрүм Кайыңды, Бишкек, Токмок, Кемин жана Ысык-Көл облустарынын спорттук клубдарынан келген мушкерлер менен күч сынашты.

Жыйынтыгында 11:03 жалпы командалык эсеп менен Жайылдын спортчулары жеңишке ээ болду.

20 кг салмактар арасында Арсен Мамбеталиев, 22 кг салмак арасында Темир Бекбоев, 32 кг салмактан Аслан Шаршенов, 34 кг салмакта Чыңгыз Бекбоев, Нурсултан Бекбоев, 38 кг арасында Мурадил уулу Нурадил, 40 кг салмактар арасында Алибек Кадралиев, 50 кг арасында Алмаз Замиров, 63,5 кг арасында Абдрасул уулу Нурлан жеңишке жетти.

56 кг салмактагы профессионал мушкерлер арасында өткөн чемпиондук мушташта 5 раунддан кийин упай аркылуу Болсунбек Бактыбеков жеңишке ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×