Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.09.2015 09:15

Кара-Балтада 20 команданын катышуусундагы кичи футбол турниринин жеңүүчүлөрү аталды

Turmush -  Кара-Балта шаарында 13-сентябрь күнү 20 команданын катышуусундагы кичи футбол боюнча турнир өттү. Турнирге Ново-Николаевка, Алексеевка, Айдарбек, Ак-Башат, Большевик айылдарынан жана Кара-Балта шаарынан келген 200 спортчу катышты.

«Турнир жакшы өтүп, 1-орунду «Махаля» командасы алса, 2-орунга «Мелькомбинаттын» ардагерлери чыгып, 3-байгелүү орунду «Жигиттер» командасы ээледи. Ал эми 4-орунга Айдарбек айылынан келген спортчулар ээ болду», - деп билдирди «Манас» спорт комплексинин директору Айбек Аманбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×