Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 03.09.2015 16:45

Жайыл районунда айылдык спорчулар бирмандык бокс боюнча беттешет

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Малтабар айылындагы спорт сүйүүчүлөр бирмандык бокс боюнча беттеш өткөрөт. Мындай маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына КРнын бирмандык бокс боюнча федерациясынын президенти Каныбек Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, Малтабар айылында 13-сентябрда бирмандык бокс боюнча мелдеш өтөт. Беттешке аталган айылдан 14 мушкер Кыргызстандын башка спорттук клубдарынан келген атаандаштары менен күч сынашат.

«Шаарда балдар спорт менен машыгууга кенен убакыт таба алышат, ал эми айылдык балдарда андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан бул мелдешти биз атайын айылдык балдар үчүн уюштуруп жатабыз. Беттештин дагы бир максаты—бирмандык боксту жаштар арасында жайылтуу жана өнүктүрүү. Мындан тышкары жаштардын спорттук чеберчилигин арттырып, дени сак жашоо образын түзүүнү көздөдүк», - деди К.Бекбоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×