Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 03.09.2015 16:21

Кара-балталык спортчулар Ысык-Көлдө өтүүчү XV эл аралык мелдешке жөнөп кетишти

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын биринде эртең, 4-сентябрдан тартып 12-сентябрга чейин салттык Ысык-Көл оюндары өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн убакыт ичинде спорт оюндары боюнча XV эл аралык мелдеш өтөт. Аталган иш-чаранын урааны—«Азия—кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы».

Иш-чаранын программасында спорттун кол күрөш, волейбол, гир көтөрүү, жеңил атлетика, кумжээктеги футбол, стол үстүндөгү теннис, сууга сүзүү, кумжээктеги куралсыз коргонуу (самбо) боюнча мелдештер каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×