Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.09.2015 09:03

Кара-Балтада спорт машыктыруучу спорттун стресс менен күрөшүүчү түрүн ойлоп тапты (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында белгиленген Эгемендик күндүн майрамдык салтанатында шаардагы «Манас» спорт комплексинин машыктыруучусу спорттун жаңы түрүн көрсөтүп берди. Бул спорттун түрүн «Япономат» деп атадым, деп билдирет автор Turmush басылмасынын кабарчысына.

Ал белгилегендей, спорттун бул түрү олимпиадалык жааны алыска ыргытуу оюнуна окшош. Бирок, анда эркектер үчүн жаанын салмагы 800 граммга чейин болсо, аялдар үчүн 600 граммга чейин. Ал эми кара-балталык машыктыруучунун жаасынын салмагы 200 граммга жетип, аны даярдыкка жараша 8-11 метр аралыкка мээлеп ыргытууга болот.

«Бул спорттун түрүн ойлоп табуу жапондордун салтынан улам келип чыкты. Алардын ар бир спорттук оюндарында психологиялык көнүгүүлөрдү кездештирүүгө болот. Көңүлү чөккөн жапондор, кыжырына тийген кишинин сүрөтүн илип алып, найза сыяктуу кыска куралды анын сүрөттөгү бетине мээлеп ыргыткандыктарын көрүп жүрөсүздөр. Алар ошентип стресс менен күрөшөт. Ошондуктан мен аны «япономат» деп атадым, спорттун бул түрүндө да стресс менен күрөшүүгө болот», - деди машыктыруучу.

IMG_1420

IMG_1417

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×