Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 31.08.2015 13:42

Панфилов районунда байге фонду 300 миң сом болгон спорттук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Киров айылында 28-29-августта мааракелик, республикалык спорттук мелдеш өттү. Иш-чараны аталган райондун жаштар комитети уюштуруп, байге фондуна 300 миң сом коюушканын, Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстандын бардык облусунан келген спортчулар аралыкка чуркоо, гир көтөрүү, кыргыз күрөш, футбол жана күрөш боюнча күч сынашты.

«Киров айылында 6 жылдан бери спорттук оюндар өткөрүлүп келе жатат. Биринчи 3 жылда мелдеш айылдык деңгээлде, кийинки жылдары райондук деңгээлге көтөрүлгөн. Мына эми 6-жылы Крыгызстандын эң алыскы аймактарындагы спорт командаларын да чакырдык. Чогулган спортчулардын саны миңге жакын болсо, көрүүчүлөр андан да көп. Бул спорттук мелдештер жаштардын чоң кызыгуусун жаратат. Өткөн жылы Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген болсо быйыл Чүй облусунун спортчулары басымдуулук кылат. Жылдан жылга катышуучулардын саны көбөйүп жатат. Мисалы, футболдук матчка катышууга 38 команда арыз жазса, жүздөгөн жаштар спорттун башка түрлөрүнөн мелдешке катышууга арыз беришти», - деди Панфилов райондук жаштар кыймылынын лидери Эльдар Жаналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×