Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 31.08.2015 12:58

Панфилов районунун Эфиронос айылынын тургуну 32 кг салмактагы гирди 72 жолу көтөрдү (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Киров айылында спорттун жайкы түрлөрү боюнча мааракелик, республикалык мелдештер өткөрүлүүдө. Мындай маалыматты мелдештин уюштуруучулары—жергиликтүү жаштар комитети Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдашты.

Уюштуруучулардын берген маалыматына ылайык, гир көтөрүү боюнча, Эфиронос айылынын жашоочусу, 1984-жылы туулган Азиз Жорупбеков 32 кг салмактагы гирди 72 жолу көтөрүп, атаандаштарынан астыга суурулуп чыкты.

Экинчи орунду гир спорту боюнча Каптал-Арык айылынын тургуну Нурбек Султаналиев ээледи. Ал салмагы 32 кг болгон гирди 47 жолу көтөрдү.

Аталган мелдешке жалпысынан 20 балбан катышып, гирди көпчүлүгү 20-30 жолудан көтөрүштү.

Сүрөттө: Азиз Жорупбеков

DSC00067

DSC00073

DSC00071

DSC00072

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×