Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу 28.08.2015 11:08

Кыргызстан энергетикалык көзкарандысыздыкка жетишти, - А.Атамбаев Датка-Кемин линиясы жөнүндө

Turmush -  Биз тарыхый окуяга күбө болуп жатабыз. Биз бүгүн Кыргызстан энергетикалык көзкарандысыздыкка жетишти деп айта алабыз. Бул тууралуу бүгүн, 28-августа 500 кВ Датка-Кемин электр өткөрмө линияларын расмий түрдө ишке киргизүү учурунда КРнын президенти Алмазбек Атамбаев маалымдады.

«Токтогул суу сактагычындагы элекр энергия түштүккө Өзбекстан аркылуу берилип келгени баарыңыздарга белгилүү. Биз бул үчүн миллион долларларды төлөп келгенбиз. Бул аз болгонсуп, биздин энергетиктер кышкы мезгилде электр энергияны өчүрүп коюшпайбы деп кошуналарды карап отурушчу», - деди ал.

«Көз коркот, кол кылат. 4-5 жыл мурда мага эч ким ишенген эмес. Жыйынтыгында биз энергетикалык көзкарандысыздыкка жетиштик. Биз мындай көзкарандысыздыкка ар бир тармакта ээ болушубуз керек», - деди президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×