Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 26.08.2015 12:34

Панфиловдук чемпион Б.Дуванаев Новосибирскте өткөн профессионалдар арасындагы мелдеште 2-орунду ээлеп келди (фото)

Turmush -  Панфилов районунун спортчусу Орусиянын Новосибирск шаарында өткөн кикбокс боюнча профессионалдар арасындагы мелдеште 2-орунду ээлеп келди.

Кыргызстандын Бирман боксу боюнча федерациясынын президенти Каныбек Бекбоев аймактык кабарчыга билдиргендей, аталган мелдеш Россиянын баатыры Ахмат Кадыровдун жаркын элесине арналып, 23-августта өткөрүлдү.

Кыргызстандан барган жалгыз спортчу — 26 жаштагы Бекболот башкы орун үчүн орусиялык спортчу Умар Гизиев менен беттешке чыкты. Башынан жаракат алган кыргызстандык спортчу упайлардын эсебинде уттуруп, жыйынтыгында 2-орунга жазылды.

Б.Дуванаев — бирман боксу боюнча Кыргызстандын жана Борбор Азиянын чемпиону жана кикбокс боюнча дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×