Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 22.08.2015 13:08

Жайыл районунда саламаттыкты сактоо тармагындагы 6 объект капиталдык оңдоп-түздөөгө муктаж

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда саламаттыкты сактоо тармагындагы 6 объект оңдоп-түздөө иштерине муктаж. Бул тууралуу райондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн угузулган жарым жылдык отчетунда белгилүү болду.

Отчетто, Кызыл-Дыйкан, Алтын жана Ийри-Суу айылдарындагы фельдшердик-акушердик пункттар, Кара-Балта шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоп-түздөөдөн өтүшү керек, деп айтылат.

Белгилүү болгондой, аймактык бириккен оорукананын ашканасы 30 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек.
Аталган объектилерге капиталдык оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү маселеси азырынча чечиле элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×