Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуЧүй району 18.08.2015 16:36

Кытайда өткөн футбол боюнча мелдеште Кыргызстандын U-16 өспүрүмдөр курама командасы 2-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Кыргызстандын футбол боюнча U-16 өспүрүмдөр курама командасы Кытайдын Вейнянь шаарында өткөн «Silk Road Cup» мелдешинде 2-орунду ээледи. Бул тууралуу өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Жеңишбек Сыдыковдун ата-энеси Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдашты.

Алардын айтымында, U-16 өспүрүмдөр курама командасы 6-августтан 16-августка чейин Кытай, Монголия, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөр катышкан футбол боюнча турнирге катышып келишти.

«Бул матч Азия чемпионаттыгына тандоо турларынын бири болду. Балдар эми ушул жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышууга даярдык көрүшөт. Бул Чемпионатка Кыргызстан, Иордания, Непал жана Оман мамлекеттеринин өспүрүмдөр курама командалары катышат. Мындан тышкары, футболчу өспүрүмдөр балдар үйлөрүнө таттууларды, керектүү буюмдарды алып барып, ал жердеги балдарга интернеттеги спорт жана футбол жаңылыктарын айтып берүүнү салтка айлантышкан», - дешти спорчунун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×