Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЖайыл району 06.08.2015 10:54

Жыл башынан бери Жайыл районуна 1,8 млрд сомдук инвестиция тартылды

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл району боюнча ушул жылдын I жарым жылдыгында негизги капиталга тартылган инвестициянын суммасы 1 млрд 886 млн сомду түздү, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысына Жайыл райондук администрациясынан.

Маалыматка ылайык, аталган сумманын ичинде 1 млрд 783 млн сом — Кытай Эл Республикасынан жоопкерчилиги чектелген коомго берилген чет элдик насыя.

«Мындан сырткары, бул жылы социалдык инфраструктуралык объектилерди оңдоп-түздөө долбоору жактырылды. Аталган долбоордун негизинде республикалык бюджеттен — түрткү берүүчү гранттар аркылуу Жайыл, Кара-Суу, Полтавский айыл өкмөттөрү каржыланат. Социалдык инфраструктуралык жайларды оңдоп-түздөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 7 млн 800 миң сом өлчөмүндөгү түрткү берүүчү гранттык каражаттар тартылат.

Ошондой эле жаратылышты коргоо фондунан Красновосточный айыл аймагында 2 млн 700 миң сом өлчөмүндөгү долбоор ишке ашырылат. Мындан сырткары, жеке инвестициялык фонддор тарабынан да түрдүү долбоорлор ишке ашырылууда», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×