Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусу, Шопоков 08.03.2018 10:02

8-март — Аялдардын эл аралык майрамынын тарыхы

Turmush -  Turmush.kg басылмасынын жамааты, бүтүндөй аялзатынын улуулугун даңазалаган 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен жалпы айымдарды куттуктайт.

Аялзатынын тарыхта басып өткөн татаал жолу, турмуштагы орду дагы терең урматталууга тийиш. Сиздердин аялзат катары да, эне катары да көргөн камкордугуңуздар үчүн бүтүндөй адам баласы карыздар. Жашоонун жарыгы, үйдүн куту, очок ээси болуу менен жаз күнүндөй жаркырап, ар дайым эсенчиликте жүрүшүңүздөргө тилектешпиз.

Кадырман энелер, ардактуу эжелер, сиңдилер, карындаштар сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайбыз. Аруу тилектериңиздер орундалып, сиздер үчүн жаратылган бардык бактылуулуктарга жетиңиздер.

1

8-март майрамынын тарыхы:

Аялдардын тең укуктуулук үчүн көтөрүлүшүнөн чыккан майрам.

8-март — Аялдардын эл аралык күнүнүн тарыхы 1857-жылдын 8-мартында Нью-Йорктун борбордук аянтына бут кийим жана кийим тигүүчү фабрикалардын аял жумушчуларынын бийликке нааразычылык билдирип чыккан окуясынан башталат. Демонстрацияга чыккандарга баткак чачылып, уруп-сабоо сыяктуу кордуктар көрсөтүлгөн. Мындай ызы-чуу жараткан күндү көпчүлүгү «Аялдар күнү» деп атай баштаган. 1857-жылдын 8-мартынан кийин АКШда көптөгөн профсоюздук уюмдар пайда болуп, аялдар шайлоого укук берүүнү талап кылышкан. Нааразычылык акциянын келип чыгышына күнүнө 16 сааттан иштеп, бирок аз маяна алган айымдар иш убактысы кыскарып, маяна көтөрүлүп, эркектер менен бирдей укукта болууну талап кылышкандыгы себеп болгон. Жыйынтыгында 10 сааттык жумушчу күн тартиби киргизилген.

8-марттын майрам катары таанылышына аялдардын көтөрүлүшүн уюштурган Клара Цеткиндин салымы чоң. 1910-жылы Копенгагенде Аялдардын экинчи эл аралык конференциясында Клара Цеткин «аялдардын укугун коргоо күнүн» өткөрүүнү сунуштаган. Тарыхта бул күн аялдардын укугу корголгон күн катары таанылып, ошондон кийин ар кандай тармакта эмгектенген айымдар жетекчилик кызматтарда да иштей башташкан.


1

(Клара Цеткин)

8-март СССРде 1965-жылдан тарта эс алуу күнү катары белгилене баштаган. 1965-жылы Улуу Жеңиштин 20 жылдыгына карата СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев доклад жасамай болуп, ал докладдын долбоорун жаза тургандардын бири В.Александровго докладда советтик аялдардын фронттогу жана ооруктагы эрдигин даңазалаган бөлүгүн жазуу тапшырылат. Александров жазып келсе, Кремлдегилер улам-улам «күчөтүп жазууну» тапшыра берип, он вариант жазылат. Баары жарабай, кыжаалат болуп үйүнө келсе, жубайы «сенин партияң кайдагы кооз сөздөрдү айткандан көрө аялдар майрамын бир күндүк эс алуу күнү кылып койбойбу», деп нааразыланат. Бул сунуш доклад жазуучу Александровго жагып калып, идеяны Брежневге билдирет. Брежнев эртеси күнү Борбордук комиссиянын жыйынында бул маселени көтөрүп чыккан. Айтылган сунуш колдоо таап, 8-март жалпы СССРде эс алуу күнү деп жарыяланган. 8-март майрамын мурда СССР курамында болгон көпчүлүк республикалар азыр да майрамдашат. Россия, Грузия, Молдова, Азербайжан, Украина, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан 8-мартты аялдардын Эл аралык күнү катары белгилешет. Армяндар 8-март менен удаа 7-апрелди Энелер жана сулуулук күнү катары майрамдайт. Литвада дагы бул күн майрам күндөрдүн катарын толуктайт.

Бул күн 1977-жылы гана БУУнун атайын резолюциясы менен 8-март — Эл аралык аялдар күнү катары расмий кабыл алынган. Ошондон тарта Кытай, Түндүк Корея, Ангола, Конго, Монголия, Лаос, Македония жана башка өлкөлөрдө бул күн улуттук майрам катары майрамдалып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×