Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЖайыл району 01.08.2015 14:55

Жайыл районунда иштеп жаткан 651 чакан жана орто ишканаларда 6720 адам эмгектенет

Turmush -  Жайыл районунда жыл башынан бери чакан жана орто бизнес тармагында 82 жумуш орду түзүлүп, 17 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жайыл райондук администрациясынан Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Жайыл районунда иштеп жаткан 651 чакан жана орто ишканаларда 6720 адам эмгектенет. Жеке ишканаларда 8925 адам, дыйкан чарбасында 2558 адам жумуш менен камсыздалган.

Ушул жылдын өткөн 6 ай аралыгында чакан жана орто ишканалар өндүргөн продукциянын суммасы 360 млн сомго жетти. Ишканалардын көпчүлүгү — соода түйүндөрү жана коомдук тамактануучу жайлар.

Жайыл району боюнча көптөгөн бөлүмдөрү менен 18 ири соода борбору, 429 дүкөн жана павильон, 72 ашкана жана кафе иштетилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×