Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 31.07.2015 10:29

Чүй обладминистрациясы Жайыл районунун спортчуларынын спорттук формасына сарпталган 100 миң сомду кайтарып берүүнү өтүнүүдө

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин күн тартибинде кечээ, 30-июлда шаардык бюджеттен Чүй облустук админинстрациясына 100 миң сом бөлүп берүү маселеси каралды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, маселени Жайыл районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Анаркүл Ниязова көтөрдү.

Маалым болгондой, Чүй облустук администрациясы бул каражатты Жайыл районунун республикалык спартакиадага катышкан спортчуларына спорттук форма алып берүүгө сарптаган.

Сессиянын соңунда депутаттар окуучулардын спорттук формасына сарпталган 100 миң сомду шаардык бюджеттен бөлүп берүүнү бир добуштан колдошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×