Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу, Кара-Балта 30.07.2015 15:49

Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 11,6 млн сомдук рентген жабдыктары менен камсыздалды

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу рентген бөлмөсү үчүн жаңы жабдыктарга ээ болду.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан маалымдалгандай, Кара-Балта шаарындагы бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жакынкы күндөрдө заманбап жабдыктар менен рентген бөлмө ачылат.

«Рентген жабдыгы калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртат. Жабдык республикалык бюджеттин эсебинен 11 млн 692 миң сомго алынды», - деп билдиришти дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×