Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 30.07.2015 10:16

Токмок шаарынын мэрлигине 2 талапкер чыгып, бирок шайлоо өткөн жок

Turmush -  Токмок шаарынын мэрлигине 2 талапкер чыгып, бирок шайлоо өткөн жок. КСДП партиясынын координатору Бактияр Асаналиев билдиргендей, алардын бири Урмат Аскаров «Токмок» фракциясынан чыкса, экинчиси — С.Идрисов «Ынтымак» фракциясынан чыкты.

Токмок шаардык кеңештин кечээ, 29-июлда өткөн кезексиз сессиясына 32 депутаттын ичинен 19 депутат гана катышты. Шаардык кеңештеги 12 депутат, анын ичинде кеңештин төрагасы Р.Таманбаев менен мэрликке талапкер болуп жаткан С.Идрисов келген жок.

Мэрди шайлоо үчүн аз дегенде шаардык кеңештин 21 депутаты добуш берүүгө катышуусу зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×