Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЖайыл району 29.07.2015 11:55

Жайыл районунда жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандар көбөйдү

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл району боюнча 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында жүрөк-кан тамыр ооруларынан 101 адам каза болсо, бул жылдын өткөн 6 ай аралыгында 107 жаран аталган оорунун курмандыгы болду. Мындай маалыматты райондун дарыгерлери Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, 107нин ичинен курч миокард инфаркт дартынан 13 адам, инсульттан 9 адам каза тапты.

«Жүрөк-кан тамыр ооруларынын өсүшү калктын жашоо образына байланыштуу. Тамеки тартуу, спирттик ичимдиктерди ашыкча ичүү, ыгы жок тамактануулар аталган оорунун пайда болуусуна алып келет», - дешти дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×