Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуКемин району 06.07.2015 14:16

Кеминде саламаттыкты сактоо кызматкерлери кесиптик майрамында 1000 метр аралыкка чуркашты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин райондук администрациясы тарабынан 4-июль күнү «Биз сергек жашоо үчүн» аталышындагы ден-соолукту чыңдоого багытталып, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин күнүнө арналган спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Кемин шаарында саат 07.30да саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана башка уюмдардын өкүлдөрү 1000 метрге чуркап, жеңүүчүлөр сыйланды. Андан соң «Биз тамеки чегүүгө каршыбыз» аттуу иш-чарасы Орловка шаарында 40 жаштан жогорку спортчулардын кичи футбол турнири менен улантылды.

IMG_4623

IMG_4627

IMG_4649

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×