Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Кара-Балта 30.06.2015 15:26

Кара-Балта шаарынын бюджети жыл сайын орто эсеп менен 10 млн сомго өсөт

Turmush -  Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын бюджети ар жыл сайын орто эсеп менен 10 млн сомго өсөт.

Берилген маалыматтар боюнча, 2016-2018-жылдарга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин алдын ала пландалышы «КР бюджеттик укугунун негизги принциптери жөнүндө», «КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» өкмөттүн буйругунун негизинде түзүлдү.

2016-2018-жылдарга карата шаардын бюджетинин божомол-долбоору 2014-жылдагы жана 2015-жылдын 1-кварталындагы шаарга киреше алып келген булактарды эске алуу менен түзүлдү. Мындан сырткары КР каржы министрлиги бекемдеген жергиликтүү киреше булактарын куруу эске алынды.

2016-2018-жылдарга шаардык киреше бөлүмүнүн болжолдуу долбоору ар жыл сайын, өткөн жылдагыдан бюджет 3,5%га көтөрүлүүсү пландалууда.

2016-жылы 264 млн 677,2 миң сом , 2017-жылы 274 млн 502,4 миң сом жана 2018-жылы 284 млн 839 миң сом.

Шаардык бюджеттин чыгымы кирешеге карата коротулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×